Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоевди кабыл алды

Бүгүн, 29-январда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоевди кабыл алды.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реформалоого жана модернизациялоого, ошондой эле Кыргызстандын коргонуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга тиешелүү маселелер талкууланды. Андан сырткары Кыргызстанга заманбап аскердик техникаларды жана курал-жарактарды жеткирүүнүн жүрүшү талкууланды.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо үчүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн кайра куралдандыруунун жана модернизациялоонун маанисин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан