Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда бензиндин баасы Бишкектегиден 10-15 сомго кымбат болуп жатканын депутат Акылбек Султанов Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында айтты. Ошондой эле эл өкүлү баа саясатын жөнгө салуу жана бул аймакка май куюучу бекет салып берүү өтүнүчүн өкмөткө сунуш кылды.
Султанов жер титирөө, жер көчкүлөрдөн улам көчүрүлгөн айылдарга дагы эле тиешелүү шарттар түзүлбөй келе жатканын кошумчалады.
Депутат Назарали Арипов Лейлектеги Тогуз-Булак, Кайрагач айылдарынын мектептери бузулуп, натыйжада балдар алгач чатырларда, азыр болсо ижарага алынган үйлөрдө окуп жаткандыгын билдирди.