Жогорку Кеңеш 29-январдагы жыйынында "Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун 3-окууда карап жатат. Мыйзам долбоору импорттолуучу банк жабдууларын кошумча нарк салыгынан бошотууга багытталган. Бул банк жабдуулары аймактарга жеткирилбей жатканынан улам сунушталып жатканын экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев билдирди. КНСтен бошотулуучу жабдуулар: банкоматтар, пост-терминалдар, төлөө терминалдары жана банк күркөлөрү. Ал эми бул багыттан бюджетке жылына 32 миллион сом салык түшөрү айтылды.