Депутаттар банк жабдууларын кошумча нарк салыгынан бошотууга каршы чыгышууда

Жогорку Кеңеш 29-январдагы жыйынында Кыргызстанга сырттан ташылып келчү банк жабдууларын кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окууда талкуулап жатат. Бирок демилгеге айрым депутаттар каршы чыгышты. "Бул жактан жылына бюджетке 32 миллион сом түшүп жатканын айттыңар, эмне, бюджетте акча ашыкча болуп жатабы? Ашыкча болсо Талас облусуна бергиле, жылына экиден мектеп куруп алабыз. Силер банктардын кызыкчылыгын коргобогула, алар жылына төлөп келишкен, мындан ары да төлөшөт. Болбосо сырттан алынып келип жаткан унааларды да салыктан бошотолу",- дейт депутат Дастан Жумабеков
Депутат Ташполот Балтабаев бул көрүнүш коррупцияга жол ачарын айтты: "Мурдагы бийликтер "Кумтөрдү" салыктан бошотуп, бул жактан жеп турушкан. Силер ушуну кайталап жатасыңар, бул жерде чоң коррупциялык схема бар, бирөөнүн чөнтөгүнө иштеп жатат. Парламент, фракция лидерлери, силер карабай жатасыңар. Дары-дармектерди салыктан бошоттук, эмне, дарынын сапаты жакшырып же арзан болуп кеттиби?" 
Депутат Анарбек Калматов: "Болгону жылына 32 миллиондон ажырайт экенбиз" деп жатасыңар. Бул чоң акча",- деп билдирди. Экономика министри Темир Сариев өнүгүү үчүн ушул жолго баруу керектигин айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан