Назарали Арипов: "Лейлекте эки мектептин окуучулары ижарага алынган үйлөрдө окуп жатышат"

Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында депутат Назарали Арипов Лейлек районундагы Кайрагач жана Тогуз-Булак орто мектептери боюнча маселени көтөрдү. Аталган мектептердин имараттары 2014-жылы авариялык абалга келип, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "имаратта балдарды окутууга болбойт" деген тыянак чыгарганы айтылды. 
"Бул мектептердин окуучулары сентябрь айында чатырларда окушса, учурда айылдагы менчик үйлөрдү ижарага алып окуп жатышат. Кайрагач орто мектебинде 514 окуучу, Тогуз-Булак орто мектебинде 273 окуучу билим алат. Аталган мектептер 2015-2016-жылдардын республикалык бюджетинин титулдук тизмесине "критерийлер туура келбейт" деген себеп менен киргизилбей жатат. Окуу имараттары жарабай калганча окушуп, акырында менчик үйлөрдү ижарага алгандан башка да кандай критерийлер болушу керек?"- дейт депутат.
Арипов мектептерди титулдук тизмеге киргизүүнү өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө сунуштады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан