Ысык-Көл облусунда 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия өтүүдө

Ысык-Көл облусунда 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия өтүүдө. Ага КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Каптагаев, аким, мэрлер, облустук, район, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймак башчылары катышууда. Бул тууралуу 29-январда облустагы өкмөттүн атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Облустук коллегияда негизги бир маселе каралып жатат. Ал: Ысык-Көл облусунун 2014-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана 2015-жылга карата коюлган милдеттер.

Коллегияда облустагы социалдык-экономикалык тармактардагы жыл ичинде аткарылган иштер, жетишкендиктер жана кетирилген кемчиликтер тууралуу кенен сөз болууда. Облус боюнча айыл чарба дүң продукциясы 2014-жылдын жыйынтыгы менен 24,5 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу өсүү темпи 100 пайызды түздү.

Облустун аймагында айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүдө жалпы айдоо аянты 176 973 гектарды түзүп, 2013-жылга караганда 720 гектарга көп болгон. Пайдаланылбай калган жердин аянты былтыр 14 479 гектар болсо, быйыл 14 311 гектарды түзүп, 168 гектарга азайган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан