Кыргызстан-Кытай газ түтүгү өтчү жерди тактоого 30 миллион сом жумшалары айтылды

Кыргызстанда айдоо аянттары кыскарып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Жерге жайгаштыруу борборунун директору Ажыбек Касымалиевге шилтеме берүү менен Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди. Касымалиевдин билдиришинче, учурда республикадагы жердин бардык категориясын аныктоо иши жүрүүдө. 3 райондогу айыл өкмөттөрдүн чек аралары такталып, башка аймактарда аныктоо иши жүрүп жатканы, 2017-жылга чейин Жерге жайгаштыруу борборуна 19 миллион гектар айыл чарба жерин тактоо милдети жүктөлгөнү айтылды. 
"Институттун жамааты чарбалык келишим менен Камбар-Ата 1 ГЭСинин жерин, Нарын каскадынын, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы линиясынын жерин аныктап берди. Мындан тышкары Кыргызстан-Кытай газ түтүктөрү өтчү жерди тактоого 30 миллион сом коротулат",- деди Касымалиев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан