Эртең парламент салттуу дин маселесин талкуулайт

Эртең, 30-январда Жогорку Кеңеште салттуу дин маселеси боюнча тегерек стол өтөт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары катышат. Бул тууралуу эл өкүлү Каныбек Осмоналиев парламент жыйынында билдирди.  

“Диний кырдаалдын олуттуулугу эске алынып, буга чейин эки жолу Коргоо кеңеши жыйын өткөрүп, концепция кабыл алган. Бирок бул багыттагы фундаменталдык мыйзамдар иштеп жатабы, жокпу, муну талкууга алабыз. Бул чоң маселе”,- деди Осмоналиев.  

Осмоналиев: "Депутат Өмүрбек Текебаев “Салттуу диндерди мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Муну да талкуулайбыз",- деп айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан