Кыргызстанда “Баатыр эне” наамын алууга керектүү документтердин санын кыскартуу сунушталды. Мындай маселени бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева көтөрүп чыкты.
Депутат 8 балалуу Жамиля Мамаюсупова аттуу жарандын өткөн жылдын сентябрь айында эле “Баатыр эне” наамын алууга документ топтоп, тапшырып, бирок маселеси чечилбей жатканын айтты.
“Мындай жагдайлардын механизмдерин жөнөкөйлөтүү зарыл”,- деп билдирди депутат.
Айта кетсек, аталган наам 7 бала төрөп өстүргөн энелерге берилет. Мыйзамга ылайык, балдарынын бири каза болуп калган энелер ала алышпайт.