Орусияда мыйзамсыз иштеген 146 мигрант кармалып, Орусияга кирүүгө 5 жылга тыюу салынды
Орусиянын Федералдык миграция кызматы Москва шаарына
жакын аймактагыСолнечногорск районунда 26-январдан 28-январга чейин рейд жүргүзүп, курулушта мыйзамсыз иштеп жүргөн 146 мигрантты кармады. Бул
тууралуу 29-январда Орусиянын маалымат булактары жарыялашты. Кармалгандар
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары. Алардын жанында жумушка
орношуу үчүн уруксат кагазы жок болуп чыккан. Бул боюнча тийиштүү
администрациялык протокол түзүлүп, сот кармалгандардын ар бирине 5 миң рублдан
айып пул салып, Орусияга кирүүгө 5 жылга тыюу салды.