Жогорку Кеңеш 29-январда өкмөт тарабынан сунуш кылынган алкоголь, тамеки жана күйүүчү майга болгон акциздик салыкты жогорулатуу жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Эгерде демилге колдоого алынса, күйүүчү майдын 1 литрине 1 сом 92 тыйындан акциздик салык кошулат. Айрым депутаттар демилгеге каршы чыгышты. "Акциздик салык чиновниктерге таасир этпейт, бул жөнөкөй жарандардын капчыгына терс таасир берет. Биз тамеки менен ичимдиктерге акциздик салык албагыла деген жокпуз. Көтөргүлө, бирок күйүүчү майга тийишпегиле. Силер муну менен мугалимдердин айлыктарын көтөрөбүз деп шылтоо кылбагыла",- дешти депутаттар. Талкуу уланууда.