Ысык-Көлдө курорттук ден соолукту чыңдоочу мекемелерден 2014-жылы 178,6 миллион сом салык түштү

Ысык-Көл облусу боюнча курорттук ден соолукту чыңдоочу мекемелерден түшкөн салыктын көлөмү 2014-жылдын жыйынтыгында 178,6 миллион сомду түздү. Көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 13,5 миллион сомго көбөйгөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы бажы төлөмдөрүн жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын эске албаганда, облус боюнча түшкөн салыктардын жалпы контингенти 1433,7 миллион сомду түзгөн. Республикалык бюджет 657,3 миллион сомду түзүп, план 95,8 пайызга аткарылды. 

Ал эми Ысык-Көл, Тоң, Түп райондору республикалык бюджеттин планын аткарышкан эмес. Жергиликтүү бюджет, атайын каражаттарды эске албаганда, 776,3 миллион сомду түзүп, план 105,8 пайызга аткарылган. Облус боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн аткарылышы 1049,3 миң сомду түзүп, планга карата 101,7 пайызды түзүп, 17,1 миң сомго көп жыйналган. Камсыздандыруу төлөмдөрүн бардык район, шаарлар аткарышкан. 

Бюджеттин киреше бөлүгүн аткара албаган Ысык-Көл району боюнча КРнын Вице-премьер-министри Д.Ниязалиева өз оюн айтып, “потенциалы чоң райондун бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын аткара албашы кечиримге жатпаган нерсе” деди. 

“Бюджеттин киреше бөлүгүн Ысык-Көл районунда эс алуу жайлары берет. Учурда пансионаттардын ичине салып алган турак жайлардагы маселе - аларга өзгөчө салык киргизүү сунушун бергенбиз. Себеби алар эч кимге салык төлөшпөйт, үйүнө өзгөчө салык же конок үй катары салык төлөшү керек. Биз мындай сунушту бергенбиз, учурда бул маселе Жогорку Кеңеште каралып жатат",- деди Эмилбек Каптагаев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан