“КРнын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында 2-окууда каралды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору арак, ликёр-арак ичимдиктери, күчтүү ичимдиктер, күчтүү ширелер жана бальзамдар, коньяктар (коньяк спиртин кошпогондо), бөлүштүрүп куюлган сыралар, алкоголу аз ичимдиктер, күйүүчү жана майлоочу материалдар (бензин, мазут) акциздик салыктын базалык ставкаларын жогорулатуу максатында даярдалган.
Депутат Азамат Арапбаев дыйкандардын айдап-себүү, жыйноо иштерине дизелдик майлар колдонуларын эске алып, анын жогорудагы тизмеден чыгарылганын айтты. Ал эми калган көрсөтүлгөн товарларга акцизди көтөрүүдөн түшкөн каражаттарга мугалимдердин маянасын көтөрүүгө жумшалат.
Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.