Коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салуу демилгесин Жогорку Кеңеш 2-окууда карап жатат

Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралууда. Демилгечи депутат Дастан Бекешев азырынча Салык кодексине гана өзгөртүү киргизилип жатканын кошумчалады. 

"2015-2017-жылдар аралыгында чылымга карата акциздин базалык бөлүгүн акырындык менен көтөрүү демилгеси сунушталып жатат. Ал эми жоопкерчилик тууралуу норма алынып салынууда. Анткени кафе жана башка жайларда атайын тамеки тартуучу жайлар ачылышы керек",- деди Бекешев. Мыйзамдын аткарылышына Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети көзөмөлдүк кылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан