Курмантай Абдиев өкмөт өкүлдөрүн кыргыз тилин сыйлабаганы үчүн сындады

Жогорку Кеңештин 29-январдагы отурумунда коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору талкууланууда. Жыйында депутат Курмантай Абдиев өкмөт өкүлдөрүн кыргыз тилин сыйлабаганы үчүн сындады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы суроолорго орус тилинде жооп берип жаткан эле. "Мен сиздерге "мамлекеттик тилде сүйлөгүлө" деп дагы бир жолу эскертейин. Мамлекеттик тилди билбесеңер, эне тил (мамлекеттик тилди каймана мааниде атаганы) деген бар, эне тилиңерде сүйлөгүлө",- деди депутат. 
Жыйынды алып барып жаткан вице-спикерге кайрылып буларды айтты: 
"Бөдөш Аманбаевна, сиз да жыйынды иреттүү алып барыңыз. Парламент ким эмнени кааласа, ким кайсы тилде сүйлөгүсү келсе сүйлөй берчү жер эмес"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан