Жогорку Кеңеш чылым чегүүнү азайтууга багытталган мыйзамдын долбоорун 29-январда 2-окууда кабыл алды. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, тамеки тартууну кыскартуу үчүн Салык кодексине, Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске, "КР жарандарынын саламаттыгын тамекинин зыянынан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.
Депутат Дастан Бекешев салык салуу чылым чегүүнү азайтарын айтты. "Ошондон улам Салык кодексине 2015-2017-жылдар аралыгында чылымга карата акциздик салыктын базалык бөлүгүн акырындык менен көтөрүү демилгеси сунушталууда. Андан сырткары 2015-жылдан тарта жөнөкөй белгиленген ставкага өтүү демилгеси да көтөрүлдү",- дейт Бекешев.
Жыйын жүрүшүндө мыйзам кабыл алынып калса, акциздин суммасы 2015-жылы 550 сомго, 2016-жылы 730 сомго, 2017-жылы 950 сомго чейин көтөрүлүп, жылына бюджетке 500 миллион сом көлөмүндө кошумча каражат түшүп турары айтылды.