"Быйылкы жылы милициянын башкы милдети - кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу. Министрликтин штаттык бирдигин оптимизациялоонун эсебинен аймактык милиция кызматкерлеринин жана жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлордун санын көбөйтүү керек". Мындай пикирди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 29-январда Ички иштер министрлигинде өткөн коллегиялык жыйында билдирди.
Вице-премьер канчалык аракеттер жасалганына карабай коомдо милициянын авторитети көтөрүлбөй жатканын кошумчалады.