Муфтиятты социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бир жолу бошотуу демилгеленүүдө

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы муфтиятты 2011-2012-жылкы 12 миллион сомдук салыктан бошотуу боюнча мыйзам долбоорун парламенттин 29-январдагы жыйынына алып чыкты. Демилгечилердин бири, депутат Ташполот Балтабаевдин айтымында, муфтият коомдук уюм болгондуктан, ага салык салуу туура эмес. 

“Муфтиятты 2011-2012-жылкы салыктардан бошотууну сунуштап жатабыз. Эгерде салыктан бошотулбаса, муфтийлерге кылмыш иши козголгону турат. Негизи, бул салыкка төлөнчү акча эмес болчу. Ошол учурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов ажылыкка барчулардан ажылык акчасын банкка төктүрүүнү талап кылып, банкка төгүшкөн. Муну Салык кызматы билип, салык алабыз деп банктагы 300 миң долларга жакын каражатын камакка алып койгон. Ошондуктан муфтият биринчи ирет ката кетирди, экинчи кайталанбайт деп салыктан ажыратып жатабыз. Муфтият ушул абалдан чыга албай, бир канча ишин аткара албай жатса, Жалилов сыртка чыга албай отурат",- деди Балтабаев.    

Демилгени Жогорку Кеңештин 4 фракциясы, 2 комитети дароо 3 окууда жактырган. Жыйынтыгында демилге 3-окууда добуш берүүгө жиберилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан