Күйүүчү майга акциздик салыкты көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда кабыл алынды

“КРнын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында 2-окууда кабыл алынды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору арак, ликёр-арак ичимдиктери, күчтүү ичимдиктер, күчтүү ширелер жана бальзамдар, коньяктар (коньяк спиртин кошпогондо), бөлүштүрүп куюлган сыралар, алкоголу аз ичимдиктер, күйүүчү жана майлоочу материалдарга (бензин, мазут) акциздик салыктын базалык ставкаларын жогорулатуу максатында даярдалган.

Демилгечилердин айтымында, көрсөтүлгөн товарларга акцизди көтөрүүдөн түшкөн каражаттар мугалимдердин маянасын көтөрүүгө жумшалат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан