Жогорку Кеңештин 22-январдагы жыйынында депутат Кантемир Мурзабеков Аксы районунун Кызыл-Жар айылына "Тез жардам" унаасын бөлүп берүү зарылдыгын айтып, өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылган эле. Депутаттын кайрылуусуна өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жооп кайтарды. Мекеменин 29-январдагы билдирүүсүндө булар айтылат:
"Азыркы учурда сатып алынган бардык автоунаалар республиканын аймактары боюнча бөлүштүрүлүп берилген. Кийинки жолу "Тез жардам" автоунааларын сатып алууда Жогорку Кеңештин депутаты Кантемир Мырзабековдун кайрылуусу эске алынат".