"Кинематография жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө багытталган демилгени парламент 2-окууда кабыл алды
“Кыргызстандын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 29-январда 2-окууда кабыл алды. Ага ылайык, азыркы тапта кымбат баалуу чоң долбоорлордон сырткары бардык кинопродукция санариптик технологияны пайдаланып жаткандыктан, мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн жогорудагыдай мыйзам долбоору иштелип чыккан. Долбоор техникалык мүнөздө болуп, мыйзамдын маани-маңызы өзгөрбөйт.