Жогорку Кеңеште миграция көйгөйү талкууланууда

Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын 30-январдагы жыйынында Кыргызстандагы ички жана тышкы миграция көйгөйлөрү талкууланып жатат. Жыйында маселе боюнча эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаевдин маалыматы угулууда. Отурумга өкмөт өкүлдөрүнөн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, ички иштер министри Мелис Турганбаев, экономика министри Темир Сариев чакырылган. Бирок түрдүү себептерден улам алардын келе албаганы белгилүү болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан