Бүгүн Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын бардык облустарын газ менен камсыздоо боюнча келишимге кол коёт

Бүгүн, 30-январда премьер-министр Жоомарт Оторбаев орусиялык "Газпром" ишканасы 2030-жылга чейин Кыргызстандын бардык облустарын газ менен камсыздоо боюнча келишимге кол коёт. Муну ал өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган ишкана Кыргызстанга байланыштуу бир топ демилгелерин ийгиликтүү ишке ашырып келүүдө. "Газпромдун" кызматкерлери кыска мөөнөттө кыргыз тараптын кызыкчылыгын эске алып, газ менен камсыздоо боюнча көп даярдоо иш-чараларын өткөрүшкөн",- деди ал.

Мындан тышкары өкмөт башчы ар бир облустун башчыларына тиешелүү буйрук берерин баса белгиледи. "Газпром" өз программасын ишке ашырууда бардык губернаторлор өз жерлеринде ага жардам көрсөтүшү керек",- деди Оторбаев.

Айта кетсек, бүгүнкү өкмөттүн жыйынында аталган орусиялык ишкананын башчысы Алексей Миллер катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан