Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясы 30-январда Кыргызстандагы ички жана тышкы миграция көйгөйлөрүн талкуулап жатат. Бул боюнча баяндама жасаган эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаев жыйынга даярдыгы жок келгендиги үчүн депутаттардын сынына кабылды.
"Уруксат берсеңиздер, орус тилинде маалымат берейин. Анткени мага бул тууралуу азыр гана айтышты",- деди Бекмурзаев.
Фракция лидери Максат Сабиров анын айткандарына ачууланып: "Качан даярданып келесиңер? Ар дайым ушул жоопту айтасыңар. Биз чакырууну бир ай мурун беребиз. Кайдыгер мамиле кыласыңар",- деди. Министрдин орун басары маалыматты орус тилинде берди.