Анын айтымында, бул планды ишке ашырууда 2750 чакырым газ түтүктөрү салынат. "2030-жылга чейин КРнын газ менен камсыздоо жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасына ылайык, жалпысынан өлкөнүн 60 пайызына газ жеткирүү пландалган. Бул ишти алып барууда кыргыз тарабы керектүү шарттарды түзүп берүү керек. Мындан тышкары ишкана Кыргызстанда газ менен иштеген унааларды газ отуну менен камсыздоого даяр. Буга да керектүү станцияларга муктажбыз",- деди Спектор.