Бүгүн, 30-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Куттуктоо телеграммасында мамлекет башчысы урматтоо жана өз ара ишеним принциптерине негизделген Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп кылымдар бою түзүлгөн достук жана жакшы коңшулаштык байланыштар эки элдин кызыкчылыгында өнүгөрүнө ишенимин билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев президент Ислам Каримовго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.