Жакынкы 3 жыл аралыгында "Газпром" ишканасы Кыргызстанга 34 миллиард рубль инвестиция салат. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өкмөт жыйынында “Газпром” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер билдирди.
Анын айтымында, бул каражат өлкөнүн аймактарына газ жеткирүү боюнча биринчи кезектеги объектилерин куруу жана реконструкциялоого багытталат. "Кыргызстандын ар бир облусуна газ жеткирүү колубуздан келет. Буга чейин "Газпром" Кыргызстан боюнча ишин баштап жатканда 20 миллиард рубль инвестиция бөлүп берүүнү пландаган. Кыргызстандын газ тармагы менен таанышып чыкканда, бул көлөмдү көбөйтүүнү чечтик. Келишимге ылайык, бардык милдеттерди аткарабыз. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн ыңгайлуу шарттарды түзүп беришине муктажбыз",- деди Миллер.