Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясы 30-январда ички жана тышкы миграция көйгөйлөрүн талкуулап, маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгуу чечимин кабыл алды. Мындай чечимдин кабыл алынышына жыйынга чакырылгандар ички жана тышкы миграция боюнча депутаттардын суроолоруна так жооп бере алышпаганы себеп болду. "Кыргызстанга канча адам кирип, канчасы чыгып жатканын эч бир министрлик билбей жатат. Ошондуктан жыйынды токтотуп, жалпы депутаттардын кароосуна алып чыгалы", - дешти депутаттар. Сунушту фракция мүчөлөрү колдоого алышты. Фракция лидери Максат Сабиров бул боюнча өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге жана спикер Асылбек Жээнбековго кат жибермекчи болду. "Бүгүн жыйынга өкмөт мүчөлөрүн чакырганбыз, алар келишкен жок. Алардын жоопкерчилигин күчөтүүнү суранып, өкмөт башчы менен спикерге кайрылуу жасайм",- деди Сабиров.