Кыргызстандын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү кирди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган. 

Мыйзамдын максаты - КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин айрым жоболорун өркүндөтүү, администрациялык укук бузуулар боюнча иштерди караган мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын чектөө.

Мыйзам экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын белгилейт, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын тактайт, шаар куруу-архитектуралык ишмердүүлүгү чөйрөсүндө укук бузуулар үчүн администрациялык айыптардын өлчөмдөрүн көбөйтөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан