Кыргызстанда учурда 965 мамлекеттик кызматкер кирешелери тууралуу декларация тапшырды. Муну бүгүн, 30-январда Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, бекитилген графикке ылайык, мамлекеттик кызматкерлер 2015-жылдын 1-мартына чейин декларация тапшырышы керек. Декларация тапшыруучулардын жалпы саны 2300 экени айтылды. Бүгүнкү күнгө карата алардын 42 пайызы кирешелери тууралуу маалыматтарын беришти.