Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан сунушталган “Салттуу диндерди мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланууда. Демилгечи баяндама жасап, төмөнкүлөрдү айтты:
“Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен диний кырдаал боюнча маселе Коргоо кеңешинин жыйынында каралып, 2020-жылга чейин диний саясаттын мамлекеттик концепциясы кабыл алынган. Анда салттуу диндерге каржылык көрсөтүү жагы каралган. Ошондуктан биз бул мыйзам долбоорун сунуш кылып жатабыз. Орто Азияда диний абал оор, анын ичинде Кыргызстанда да оор болуп жатат. Ошондуктан биз салттуу диндерди гана колдобой, мамлекеттин коопсуздугун карап жатабыз. Динде ынтымак болсо, элде ынтымак болот. Ал үчүн дин мамлекет тарабынан колдоого алынышы керек. Дин мамлекеттин түрүнө эмес, элдин баалуулуктарына жараша болот. Светтик мамлекеттерде динди түз жана кыйыр каржылайт”,- деди Текебаев.
Текебаев ошондой эле динди колдоо үчүн мамлекеттен айлык алгандардын каражатынан өз ыктыяры менен пайыздык акча кармап калса болоруна токтолду.
“Түркияда имамдарга бюджеттен айлык берилет. Египетте да мамлекет дин кызматкерлеринин айлыгын төлөп, эски эстеликтерди кармап туруу үчүн каражат берет. Европада дин салыгы бар экен. Эгерде биз салык деп элди милдеттендирсек эл нааразы болот. Ошон үчүн ыктыярдуу деп жатабыз. Кыргызстанда 1 миллион 200 миң киши айлык алат. Айлык алганда 100 сомдон мамлекетке жиберип турса болот. Андан ай сайын жалпы 12 миллион долларга жакын каражат түшөт экен. Бул мечиттердин кызматкерлерине 100 доллардан айлык берүүгө жана имамдарга айлык берүүгө жетет. Ашып калганын диний окуу жайларды каржылоого жумшаса болот”,- деди Текебаев.
Ошондой эле динди колдоо үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү каралганын кошумчалады.