Жер тилкелерин басып алууга жол бербөөгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкуудан өттү

Бүгүн, 30-январда Бишкекте "КРнын айрым мыйзам актыларына түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары жана бир катар мекемелердин, коомдук бирикмелердин, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Эсенгул Исаковдун айтымында, демилге мындан ары өзүм билемдик менен жер тилкелерин басып алууга жол бербөө жана жарандардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Исаков республика боюнча трансформацияланбаган жерлерге үй куруу фактылары боюнча республиканын бардык райондорун ведомстволор аралык түзүлгөн комиссия иликтеп, кыдырып чыккандыгына токтолду. Натыйжада 13 миң гектар жер (анын 11 миң гектары сугат жерлер болгон) трансформацияланбай үй курулган. Алар менчик жерлер эмес, Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери болгон.

Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу “Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга түзөтүү каралган. Аны менен сугат жерлерин 2009-жылдын 31-июлуна чейин жеке турак үйлөр курулган айыл чарба жерлерине мораторий жайылтылбастыгы белгиленген. Ал эми Кылмыш-жаза кодексине жер тилкелерин өзү билип басып алууга багытталган атайын аракеттери үчүн 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланары көрсөтүлгөн. 

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске түзөтүү киргизүү аркылуу жер тилкелерин өзүм билемдик менен басып алган жарандардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Мыйзам кабыл алынып калса, 13 миң гектарга салынган үйлөр гана мыйзамдаштырыларын айткан депутат Талантбек Узакбаев кийинки жаңы үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо максатында өкмөттүн иш планы жоктугун сынга алды. “Аткаруу бийлигинин жарандарды турак жай менен камсыздоо боюнча жок дегенде алдынкы 50 жылга стратегиялык планы болушу керек”,- дейт Узакбаев. 

Соңунда талкууга катышкандар айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорун колдоо чечимине келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан