Көз жумган адамга жаназа окуп, акы алуу динде жоктугун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи
Максатбек ажы Токтомушев 30-январда Жогорку Кеңеште айтты.
Жыйында салттуу диндерди мамлекет тарабынан колдоого багытталган мыйзам долбоору каралууда. Депутат Бөдөш Мамырова дин өкүлдөрүнүн жаназа окуп, акы алган жоруктарын сынга алды.
Бул боюнча муфтий: "Бул шариятта жок, мусулман болгондон кийин жаназа окулушу керек. Эми анча-мынча имамдар каражатынын тартыштыгынан улам алып жатышат",- деди.