Бүгүн, 30-январда Бишкекте журналисттер орусиялык “Газпром” ишканасынын Башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерге кызыктырган суроолорун беришти. Өзбекстандан Кыргызстандын түштүк аймагына газ эмне себептен берилгени жана маселе эмне үчүн кеч чечилгени суралды. “Эң негизгиси жыйынтык эмеспи, биз ага жетиштик. Тиешелүү келишимдерге ылайык, Өзбекстандан газ толук көлөм менен келүүдө”,- деп жооп берди Миллер.