Бүгүн, 30-январда Бишкекте журналисттер орусиялык “Газпром” ишканасынын Башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерге суроолорду беришти. Кыргызстандагы газ ресурстары тууралуу суроого Миллер төмөнкүдөй жооп берди: “Өлкө аймагында газ ресурстары бар, аларды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр да бар. Биз бул багытта иш алып барабыз. Ал эми республиканын түндүк аймагына газ берүү башталган. Ал Орусиядан Казакстандын аймагы аркылуу өтүп жатат. Бул кыргызстандык кардарлар үчүн ишеничтүү жана кепилденген газды жеткирүүлөр”.