"Кыргызстандын парламенттик демократия жолуна түшкөнү, бардык бийлик бутактары менен кызмат адамдарынын ар бир кыймыл-аракети жалпы коомчулуктун көзөмөлүндө турат. Мындан кыргыз парламентинин иши да четте калган жок. Эң башкысы, азыр бизде оңолуу ниети менен иштиктүү аракет бар",- деди Н.Никитенко.
"Хьюман Райтс Вотчтун" Европа жана Борбордук Азия боюнча аткаруучу директору Х.Уильямсон ушу тапта уюмдун 2014-жыл үчүн ар жылдык баяндамасы даярдалып жатканын, анда Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышынын абалы тууралуу материал да камтылып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө таркатылуу менен эл аралык уюмдардын сынына коюла турганын айтты.
Жолугушуу соңунда тараптар мындан ары да адам укуктары менен эркиндиктеринин корголушу жаатында өз ара кызматташтык мамилелерди жандандыруу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пикирине келишти.
Эске салсак, ушу тапта "Хьюман Райтс Вотч" эл аралык өкмөттүк эмес уюму дүйнөнүн 90 өлкөсүндө иш алып барат. Борбор Азия аймагында иштей баштаганына 20 жылдан ашты. Ал эми 2012-жылдын май айында Бишкек шаарында өз өкүлчүлүгүн ачкан.