Кыргызстан өнөктөш өлкөлөр менен мамилени бекемдөөсү керектигин айтты өкмөт башчы

Бүгүн, 30-январда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусу менен Тышкы иштер министрлигинде коллегиялык жыйын өттү. Жыйында министрликтин 2014-жылкы ишинин жыйынтыгы, анын ичинде Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында жасалууга тийиш болгон иштердин аткарылышы талкууланды. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Жоомарт Оторбаев тышкы саясаттын маанилүү багыттарына токтолду. Кыргызстан негизги өнөктөштөр менен мамилесин бекемдөөсү жана чек ара маселелери боюнча өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимди калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи. 
Мындан тышкары өлкөнүн өнүгүшү үчүн тышкы саясаттагы кырдаалды жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан