Кара-Балта спирт заводу 2009-жылдан бери 306 миллион сом салык төккөнү айтылды

Кара-Балта спирт заводу 2009-жылдан бери республикалык бюджетке 306 миллион 972 миң сом салык төккөн. Муну бүгүн, 30-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти. Өлкөдө жеке компаниялардын көбөйүшүнөн улам атаандаштык күчөп, аталган заводдун иши кыйындаганы айтылды. Заводду модернизациялоодон өткөрүү үчүн өкмөт тышкы жана ички инвесторлор менен кызматташууга даяр экенин билдирүүдө. 
"Кара-Балта спирт заводу толук кубаттуулукта иштесе, жылына 1 миллион декалитр спирт өндүрө алат (1 декалитр = 10 литр). Ишкананын уставдык капиталы 245 002 677 сом",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан