Жогорку Кеңеште бүгүн, 30-январда "Салттуу диндерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн тегерек стол өттү.
Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоору Кыргызстанда салттуу диндерге колдоо көрсөтүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында иштелип чыкканын билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө диний экстремизм, радикализм, терроризм күчөп жатканда түз каржылоо жана жарандардын ыктыярдуу төгүмдөрү аркылуу салттуу диндерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.
Иш-чарага катышкан депутаттар Каныбек Осмоналиев, Бөдөш Мамырова, Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Табылды Орозалиев, Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев жана башкалар мыйзам долбоорун колдой тургандыктарын билдиришти.