Социалдык өнүгүү министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Калк боюнча фонду менен биргеликте аялдарга карата зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүн жок кылуу жөнүндө конвенциянын нормаларынын аткарылышы боюнча улуттук консультацияларды өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан аталган конвенцияны 1996-жылы бекиткен. Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кудайберген Базарбаев бир топ тармакта чечиле элек маселелер бар экенин айтты. Анын билдиришинче, аялдардын өлүмүнүн өсүшү, эмгек миграциясы, эрте никеге туруулар, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук - мунун баарын чечүүдө бардык күчтөр биригиши керек.
Мындан тышкары ал быйыл февралда мамлекеттик делегация Женевада баяндама менен чыгат, ошондуктан улуттук консультациялар жыйынтыктоочу болуп саналат.