Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында 30-январда Элдик Апрель революциясынын 5 жылдыгын, Март революциясынын 10 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү. Премьер 2015-жылы Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда бир катар маанилүү окуялар өтөрүн белгилеп, алар Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы, Элдик Апрель революциясынын 5 жылдыгы, Март революциясынын 10 жылдыгы экенин айтты. "Бардык даярдык көрүү иштерин өз убагында жана сапаттуу жасашыбыз зарыл",- деди Оторбаев.
Жыйындын аягында өкмөт жетекчиси жогоруда аталган иш-чараларды өткөрүү планын тактоо жана толуктоо, даяр документти премьер-министрдин бекитүүсүнө киргизүү тапшырмасын бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, өкмөт менен президенттин Иш башкармалыктарына аталган иш-чараларды өткөрүүгө керектүү каражаттын бирдиктүү сметасын иштеп чыгууну тапшырды.