Каржы министрлиги: БУУнун ыктыярдуу бюджетине 2015-жылкы үлүштүк төгүм үчүн 54 миң доллар которулду

Бириккен Улуттар Уюмунун ыктыярдуу бюджетине үлүштүк төгүм берүүдө Кыргызстандын 2014-жыл үчүн карызы жок. Бул тууралуу 30-январда Каржы министрлиги билдирди. БУУнун жобосунун 19-беренесине ылайык, акча төгүмдөрүн төлөө боюнча карызы бар мамлекет, эгерде анын карызынын суммасы мурдагы эки жыл үчүн андан кошуп алынуучу төгүмдөрдүн суммасына барабар болсо же ошол суммадан ашып кетсе, БУУнун Башкы ассамблеясындагы добуш берүү укугунан ажырайт. Кыргызстан мындай укуктан ажырап калганы жакында жарыяланган эле. Каржы министрлиги бул жагдай тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдады:

"Кыргызстандын Каржы министрлиги БУУнун ыктыярдуу бюджетине Кыргызстандын мүчөлүк төгүмү 2013-2014-жылдары өз мөөнөтүндө жана толугу менен төлөнгөндүгүн белгилейт. 2013-жылы БУУнун ыктыярдуу бюджетине 40 000 доллар, 2014-жылы 63 505 доллар которулган каражаттардын 10 966 доллар мурдагы жылдар үчүн карызды жабуу эсебине которулган.  

Ошентип, 2014-жылдын 31-декабрына карата БУУнун ыктыярдуу бюджетине Кыргызстандын карызы толугу менен төлөнгөн.

2015-жылга БУУнун ыктыярдуу бюджетине Кыргызстандын мүчөлүк төгүмүнүн төлөнүшү боюнча: Каржы министрлиги 2015-жылга Кыргызстандын мүчөлүк төгүмүнүн так өлчөмү көрсөтүлгөн билдирмени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен 2015-жылдын 16-январында гана алды.   

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, БУУнун Каржылык эрежелеринин 3.5-пунктуна ылайык, мамлекет БУУнун Башкы катчысынан билдирмени алгандан кийин 30 күндүн ичинде, башкача айтканда, 2015-жылдын январь айынын аягына чейин БУУнун ыктыярдуу бюджетине төгүмдү төлөшү зарыл.   

Каржы министрлиги үстүбүздөгү жылдын 29-январында конвертациялоо жана БУУнун ыктыярдуу бюджетине которуу үчүн Кыргызстандын Улуттук банкына 54 271 доллар которду.   

Ошентип, Кыргызстан 2015-жыл үчүн мүчөлүк төгүмдү төлөө боюнча БУУнун ыктыярдуу бюджетинин алдындагы өз милдеттенмелерин өз мөөнөтүндө жана толугу менен аткарды". 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан