Экономика министрлигинде өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга арналган жыйын өтөт

Экономика министрлигинде 2-февралда "Кыргызстанда 2015-2017-жылдары инвестициялык климатты жакшыртуу" деген темада жыйын өтөт. Жыйын экономика министри Темир Сариевдин жетекчилиги астында, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында өтмөкчү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, анда төмөнкү маселелер талкууланат:
1. Кыргызстанда ишкердикти жана инвестициялык климатты жакшыртууга болгон тоскоолдуктарды жана көйгөйлөрдү жоюу.
2. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушунан кийинки жаралчу маселелерге түшүндүрмө берүү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан