Кыргызстандын Жаза аткаруу системинин кызматкерлери АКШдан окуудан өтүштү

Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери АКШнын Колорадо штатынын атайын борборунда окуудан өтүштү. Маалыматты 30-январда ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди. Окуудан ЖАМКнын Материалдык-техникалык камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Жээнбай Темирканов жана №44-жаза өтөө мекемесинин башчысы Тынчтык Абдылдаев өтүштү. 
"Теориялык жана практикалык окутууда аларга АКШнын жаза аткаруу системине байланыштуу кеңири маалыматтар жана тармактык мыйзамдар жаатында түшүндүрмөлөр берилди. Өзгөчө соттолгондорду классификациядан өткөрүү, өндүрүштү уюштуруу, коомдук коопсуздукту, кызматкерлердин жана соттолуучулардын өздөрүнүн коопсуздугун сактоо темалары пайдалуу болду",- деп билдирет мекеме. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан