Кыргызстандагы банктардын башчылары элге кредитти сом менен берүү маселесин талкуулашты

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 30-январда өлкөдөгү коммерциялык банктардын жана 3 ири микрокредиттик компаниянын жетекчилери менен жолугушту. Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар банк тармагындагы азыркы кырдаал, улуттук валюта менен насыяларды берүү, Улуттук банк тарабынан өткөрүлүп жаткан кредиттик аукциондор жана насыялардын үстөк пайыздары тууралуу пикир алышты.  
Коммерциялык банктардын башчылары улуттук валюта менен насыяларды берүүгө чектөө жок экенин жана Улуттук банктын кредиттик аукциондоруна катышууга даяр экендиктерин билдиришип, "үстөк пайыздарда азыраак өсүштөр болууда" дешти. 
Жолугушууда тараптар кредит берүүнүн өсүшүнө керектүү шартты түзүү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды иштеп чыгуу чечимине келишти.
Эскерте кетсек, буга чейин коммерциялык банктардын насыяларды сом менен бербей, доллар менен гана берип жатышканы коомчулукта нааразычылык жаратып жаткан.  
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан