"Биз Кыргызстанды кичи жана орто бизнести колдоо аркылуу өнүктүрүүнү сунуштайбыз",- деп билдирди "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясынын өкүлү Чыңгыз Макешов 31-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жамааты менен жолугушууда. Макешов ишкердикти өнүктүрүү тармагындагы негизги милдеттерди атады.
"Биз өзүбүздүн алдыбызга 2020-жылга чейин 63 миң жаңы жумуш ордун түзүү максатын койдук. Бүл үчүн "Бизнес жасоонун негиздери", "Каржылык менеджмент", "Маркетинг" программалары аркылуу калкты окутуудан өткөрүүнү каалайбыз. Мындан тышкары ар бир айыл өкмөтүндө көчмө тренингдерди өткөрүүнү пландап жатабыз",- дейт Макешов.