Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгы "Вентус" коомдук бирикмеси менен биргеликте укук коргоо органдарынын, адвокаттардын жана укук коргоочу уюмдардын катышуусунда жыйын өткөрдү. Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы 31-январда билдиргендей, жыйында Кыргызстандын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, облустагы коомдук коопсуздукту камсыздоо жана ички иштер башкармалыктарын реформалоонун жүрүшү талкууланды. Маалыматка таянсак, мындай семинарлар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө.