Бүткүл дүйнөлүк банктын Директорлор кеңеши Кыргызстандын энергетика тармагын колдоого 24 миллион доллар бөлүүгө багытталган программаны бекитти. Аталган сумманын 13,2 миллион доллары карыз түрүндө, 10,8 миллион доллары грант түрүндө берилет.
Карыз 38 жылдык мөөнөткө берилери айтылды. Пайыздык күрөөсү 0,5 пайыз.Программанын максаты:
1. Тармактын каржылык туруктуулугун жакшыртуу;
2. Тармактын отчёттуулугун жана башкармалыгын жакшыртуу;
3. Өлкөнүн начар өнүккөн айрым райондорун электр энергиясы менен камсыздоо.