2014-жылы Социалдык өнүгүү министрлигинин бир нече аймактагы жетекчилери жумуштан бошотулушту. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда журналисттерге аталган мекеменин башчысы Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, былтыр Ноокат, Чоң-Алай райондорундагы социалдык өнүгүү өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, Талас районундагы башчынын орун басары, Жайыл районундагы интернаттын башчысы жумуштан бошотулду. Муну ал "жетекчилерди жумуштан бошотмоюнча иш алдыга жүрбөйт" деп түшүндүрдү.