Өкмөт мүчөсү Абдырахман Маматалиевдин унаасы жол чырактын кызыл жарыгы күйүп турганда өтүп кеткенин айтышты депутаттар

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 2-февралдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов жол эрежесин бузган өкмөт мүчөлөрүн жоопко тартуу керектигин билдирди. Депутат бүгүн өзү күбө болгон мисалды атады. 
"Депутаттардын жол эрежесин бузганы дайыма айтылат, бирок өкмөт мүчөлөрүнүн эреже бузганы айтылбайт. Бүгүн KG005 номурлуу унаа Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен кызыл жарык күйүп турганда өтүп кеткенин көрдүм. Артынан келсек, унаа Жогорку Кеңештин аймагына кирди. Муну көргөн жарандар "депутаттар дайыма жол эрежесин бузушат" деп ойлошот. Бирок бул унаа вице-премьер-министрге караштуу",- дейт Нышанов.  
Аталган кызматтык унаа вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге таандык экени айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан